www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлери эртең азык-түлүк жана энергетика коопсуздугу күн тартиби менен чогулушат. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Министрлер 23-24-июнда боло турган Евробиримдиктин лидерлер саммитинен мурда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушат.

Евробиримдиктин жогорку даражалуу расмий өкүлү жыйындын күн тартибинде Украина согушу жана анын глобалдык кесепеттери, өзгөчө азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугу боюнча караларын айтты.

Евробиримдиктин камалып калган миллиондогон тонна буудайдын экспорту үчүн кризистен таасирлене турган калкытын санынын көптүгү эске алынганда Белоруссия баш болгон түрдүү варианттарды карап жатканын белгилеген расмий өкүл, эң идеалдуу варианттын Кара деңиз экенине басым жасады.

Аткаминер Перс булуңу өлкөлөрү менен учурдагы оң карым-катнаштардын энергетикалык коопсуздук жагынан карала турганын, бирок бул карым-катнаштардын Орусиядан келип чыккан коркунучтун негизинде трансформацияланышы талкуулана турганын белгиледи.

Европа Биримдигинин Перс булуңу менен келечек үчүн өз ара көз карандылыкка негизделген карым-катнашты долбоорлогондугун билдирген расмий өкүл, Ирандын мамилеси жана өзөктүк келишимдин тагдыры да бул максатка таасир этээрин түшүндүрдү.

Расмий өкүл, министрлер акыркы саммитте кабыл алынган 6-санкция пакетин талкуулай тургандарын, жаңы пакетке даярданбагандарын билдирди.

Последние новости