www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран Ормуз кысыгын жапкандан бери Европа дүрбөлөңгө түштү. Учурда 150дөй танкер жана газ ташуучу кеме өтө албай турушат. Мындан улам, газ жана күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүп жатканы Европаны түйшөлтүүдө.
JPMorgan & Chase аналитиктеринин эсебинде, эгер Ормуз кысыгы 25 күндөн ашык жабык калса, камапалар толуп мунай өндүрүү токтойт. Жаңы кемелер жоктугунан чыгымдар күчөйт. Мисалы, Ирактагы Румейла жана Западная Курна-2 кендери токтоп калган, Катар СПГ өндүрүшүн жаап койгон.
Натыйжада, Европада азык-түлүк жана өндүрүштүк материалдардын баасы көтөрүлөт. Сербия президенти Александр Вучич Европаны чоң кризис тооруп турганын эскертти.
Буга байланыштуу Трамп планын жарыялады. Анда АКШнын өнүгүү корпорациялары саясий тобокелдиктерди жана деңиз соодасын камсыздоону мойнуна алат. Керек болсо АКШнын деңиз флоту Ормуз кысыгы аркылуу танкерлерди коштоп өтөт.
Бирок пландын натыйжалуулугу белгисиз. Кысыкта ракета-дрондордон кепилдик берүү кыйын.