www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путиндин Кадимки куралдуу күчтөр тууралуу келишимди (ДОВСЕ) денонсациялоо боюнча чыккан жарлыгы кансыз согуштан кийин америкалыктар менен чогуу курган коопсуздуктун архитектурасын биротоло жок кылды. Кырдаалга сереп салган Дмитрий Бавыриндин макаласы РИА Новостиагенттигине жарыяланган.

Эми ар ким өз аймагында ДОВСЕде каралган чектөөлөрдү эсепке албастан каалаганча куралды каалаган жерине жайгаштыра бере алат. Владимир Путин башка жарлыгы менен 2007-жылы эле Россиянын аталган келишимге катышуусун токтоткон, демек, Москваны акыркы 15 жылдан бери чектей турган нерсе деле жок. Эгер кечээ жакында кол коюлган жарлык менен биротоло чекит коюлса, биринчи документ — коңгуроо эле, Россия менен Батыштын ортосундагы азыркы оңой эмес кырдаал Путиндин 2007-жылы Мюнхен жолугушуусундагы сөзүнөн кийин түзүлдү деп эсептесек, экинчи эскертүү десек болот.

Саясат үчүн 15 жыл — узак убакыт, бирок ансыз да иштебей турган нерседен мыйзам чегинде баш тартуу жөнөкөй формалдуулук эмес, керек болсо Мюнхендеги кайрылуудан да олуттуу белги болушу толук мүмкүн. Эгер Вашингтон менен Брюссель бул кайрылууну убагында көңүл коюп укса, ДОВСЕни сактап калууга мүмкүн болмок, ага Россиянын катышар-катышпасы анча маанилүү болмок эмес. Таптакыр башка шартта жашамакпыз: НАТО кеңейем демек эмес, Украинада согуш оту тутанмак эмес, санкциялар салынмак эмес, айтор, тизме узун. Бирок Батыш башка жолду тандап алды.

ДОВСЕ дүйнөлүк маанидеги документ эле: Европанын тарыхында биринчи жолу коргонуу тармагында ушундай ачык-айкындуулук орноп, куралдануу боюнча жарыш токтогон, үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу сөздөр мифке айланып, бейкуттук өкүм сүрө баштаган эле. Келишим ДОВСЕ боюнча алган милдеттемелерине карабай НАТОнун чыгышка карай кеңейе башташынан кийин Батыштын Россияны ооздуктоочу элементине айланды.

Прибалтика республикаларынын келишимге кошулбай койгону Россия үчүн ДОВСЕ схемасындагы негизги кооптуулук болуп калды. Аларды кошууга Вашингтон менен Брюсселдин дарамети жетмек. Ошентип келишим Россияга чектеш болгон НАТО мамлекеттерине каалаганча курал-жарак жайгаштырууга жол ачып берип, ал эми Москвага чектөө киргизди. Демек, ДОВСЕ эрежелерин сактоо — Россиянын өзүн-өзү акырындап өлтүрүүсүнө тете эле.

Россия үчүн маанилүү нерсенин баары 2007-жылы эле болгон. Ал эми Батыш үчүн азыр гана — келишим токтотулуп тим болбостон денонсацияланганда башталууда. Ооба, Москва аны 16 жыл бою көз жаздымда калтырып келди, бирок бул убакыттын ичинде келишимге президенттин бир эле жарлыгы кайра кайтарып коймок. Эми артка таптакыр жол жок: Европаны кайрадан демилитаризациялоо үчүн жаңы макулдашуу түзүп, кол коюп, ратификациялоо керек. Бул дагы дүйнө тарыхындагы маанилүү учур болуп калмакчы. Жүрүп жаткан кансыз согушту дал ушундай кадам токтото турган болуп калды шекилдүү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости