www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада газдын баасы 1 сааттын ичинде 1000 долларга арзандады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Лондон биржасына таянып маалымдайт. Эске салсак, бүгүн 7-мартта Европада газ баасынын өсүүсү тездеп, бир миң куб метри 3900 долларга сатылып калган.

Журналисттер Лондондун ICE фондулук биржасынын маалыматына шилтеме жасап жатышат. Алынган маалыматка караганда, сооданын ачылышында бир миң куб метр газдын баасы 2366,8 долларды түзсө, бир нече мүнөттөн кийин 2700 долларга жетип, андан кийин 3900 долларга чейин көтөрүлүп кеткен. Учурда газдын баасы арзандап 2900 долларды түзүүдө.

Адистер мындай кескин өзгөрүүнү Европанын жер астындагы кампаларындагы камдык деңгээлинин төмөндүгү, жеткирүүчүлөрдүн чектелүүлүгү жана Азияда суютулган газга болгон суроо-талаптын күчтүүлүгү менен байланыштыратн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости