www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Украинага жасаган аскердик операциясы, анын келип чыгуу себеби жана кесепети тууралуу белгилүү тарыхчы менен маек.

— Табылды мырза, Орусия менен Украинанын ортосунда согуштук, саясий чыңалуу күчөдү. Орусиянын аскерлери Киевдин жакынкы райондоруна чейин кирип барып калды. Херсон шаары да Орусиянын көзөмөлүнө өткөнүн айтып жатышат. Бул конфликттин себеби эмнеде жана кантип бүтүшү мүмкүн?

— Бул конфликт болбой калышы мүмкүн эле. Бул кризистин тамыры 1918‑жылкы окуяларды эске салат. В. И. Ленин 1918‑жылы Керенский баштаган Убактылуу өкмөт кулагандан кийин өзүнүн пландарын ишке ашырууга өткөн. Лениндин «Тынчтык» декрети боюнча Орусия империясы согуштан чыгышы керек болчу. Бардык согушуп жаткан тараптар бири-бирине эч кандай шарт койбостон тарап кетиштери керек деген сунуш болгон. Ошол талапка ылайык Орусия менен Германиянын ортосунда тынчтык келишимге кол коюу үчүн белгилүү советтик дипломат, РСФСРдин тышкы иштер наркому Георгий Васильевич Чичерин жөнөтүлгөн. Германия тарап Батыш Украинаны Польшанын курамында болсун деп талап койгондо, Чичерин келишимге кол койбой койгон. Бирок, Ленин Чичеринди сынга алып, ал жерлерди кийин бир учурда кайтарып алабыз деп, кол коюуну талап кылган. Ошентип, Батыш Украина Польшанын курамына өтүп кеткен. Кийин Ата Мекендик согуш башталаарда СССР менен Германия «Жоолашпоо» жөнүндө Пактка кол койгон. Анын жашыруун бөлүгү боюнча Батыш Украина СССРдин курамына кайтарылган. Бирок, бул арада батыш Украинада капиталисттик мамилелер өнүгүп, алар жеке менчик үстөмдүк кылган системада жашап калгандыктан, Германия СССРге согуш ачары менен Степан Бандера башында турган топ социалисттик бийликке каршы чыккан. 1991‑жылы СССР кулаганда Батыш Украиналык саясатчылар өлкөнү Батышка алып кетүүгө белсенип кирип, Бандераны улуттук баатыр кылып, улуттук сезимдерге катуу таасир берди. Украинада орусиячыл жана батышчыл саясатчылардын ортосунда чоң конкуренция жүрдү. Батышчыл лидерлер өлкөнү Батышка киргизип, өлкөнүн өнүгүүсүн жаңы геосаясий нукка бурууга аракет кылды. Алардын бул аракетин АКШ жана Батыш колдоп келди. Украина Батышка умтулуп жатып, Крымдан айрылды. Бирок, ага карабай, батышчыл саясатчылар өлкөнү Батышка сүрөп келди.

— Украинанын СССР кулагандан кийин КМШ өлкөлөрүнөн бөлүнүп чыгып, Батышка багыт алуусуна кандай тарыхый негиздеме бар?

— Украина байыркы тарыхы бар өлкө. Анын тарыхы Киев Русунун тарахына негизделген. СССРдин учурунда орус элинин тарыхы Киев Русунан башталат деп берилип, ал коомунисттик идеологияга айланган. СССР жоюлгандан кийин Батыш украиналык саясатчылардын таасиринин негизинде Украинада улутчул кайра жаралуу идеологиясы пайда болду. Алар эми Киев Русу биздин мамлекет деп таанып, обочолонуп, Батышка кирип, бүтүндөй Славян тектүү элдерге лидер болууну көздөшүүдө. Эгерде Украина ЕСтин курамына кирсе, анда Украина же Польша славян дүйнөсүнө лидер болуп калышы ыктымал. Бул Орусияга карата чоң сокку болуп эсептелет. Себеби, БУУ орус тилин, украин же поляк тили менен алмаштырып коюшу мүмкүн. Ошого Москва бүгүн Украинада орус тилинин статусу сакталышын талап кылып жатат.

— Укранина менен Орусиянын ортосундагы жаңжалдын дагы кандай себептери бар?

— Украина Батышка бет алгандан бери орустар жайгашкан таанылбаган ДНР жана ЛНР республикаларынын элин акырын жумшартып, өздөрүнө кошуп алуунун ордуна, аларды сепаратисттер деп өгөйлөп келди. Бүгүнкү күнгө мындай саясаттан миңдеген адамдар залал тартты. 14 миңдей адам набыт болду. Акырында Украина НАТОго кирүү маселеси көтөрүлө баштады. Президент Зеленский Украина өзү ядролук куралдарды чыгара турганын жар салды. Ал эми НАТОнун мүчөсү Түркия ал жакта учкучсуз учуучу байрактарды чыгарууну пландаштыра баштады. Албетте, окуялардын мындай өөрчүшү Орусиянын кызыкчылыгына каршы келет эле. Ошондуктан, Орусия кеч боло электе атайын согуштук операция жүргүзүүгө аргасыз болду.

— Украина канча жылдан бери ЕСке мүчө болуп кире албай келет. Бирок, Батыш аны НАТОго да кучак жайып киргизип жиберген жок. Эмне үчүн Украинанын ЕСке же НАТОго кирүүсү создуктурулуп келди?

— Биринчиден, ЕСке алуунун өзүнүн эрежелери бар. Кире турган өлкөдө адам укуктары корголуп, адамдардын эркиндиги камсыз болууга тийиш. Өлкөнүн экономикалык абалы да жетишээрлик деңгээлде болушу шарт ж. б. Экинчиден, АКШ менен Батыш Украинаны өдөрүнүн геосаясий оюндары үчүн атайы ЕСке да, НАТОго да албай келди десек болот. АКШ жана Батыш өлкөлөрү рынок экономикасында калыптанып калган өлкө. Алар атайылап эле Украинанын ЕСке алынышын кечеңдетип, анын алсызданышын күтүп жатышты. Ал алсыздангандан кийин, анын байлыктарын бөлүп кетүү жеңил. Ошого алардын бизнесмендери өздөрүнүн өлкө жетекчилигине Украинаны ЕСке алууга ашыкпашын колдойт. Украина алсызданганда бул бизнесмендер анын байлыгына оңой ээ болуп алышат.

Мындан башка да АКШнын генералитетинин кызыкчылыктары бар. АКШнын аскер адамдары акырындык менен Орусиянын Украинага басып киришин камсыздап, абалды татаалдаштырып келди. Себеби, генералитет согуш башталды деп аскер ведомствосуна миллиарддаган долларларды котортуп алууну каалайт.

— Бул конфликт кандай өңүттө өөрчүшү мүмкүн? Орусия Украинаны толук басып алат деген сөздөр канчалык деңгээлде чындыкка дал келет?

— Менимче, Орусия конфликт өтө өөрчүп кетишине кызыкдар эмес. Тескерисинче, ал конфликттин тез бүтүшүн каалайт. Орусия Украинаны нейтралдуу статустагы өлкөгө айландырууга кызыкдар. ДНР менен ЛНРди деле бөлүп кетейин деп пландабайт. Эгерде буларды бөлүп кетсе, анда Орусиянын эл аралык аренада аброю түшүп кетет. Санкциялар узак мөөнөткө чейин созулуп кетиши мүмкүн. Бирок, ошол эле учурда Украина Батыштын түрткүсү менен конфликттин созулушун каалашы мүмкүн. Батыш Украинаны шашылыш ЕСке, андан соң НАТОго да аны өз мүчөсү кылууга аракет кылса, абал мындан да курчушу ыктымал. Анда ДНР жана ЛНР Орусияга өтүп кетиши турган иш.

— Орусия тарап да Украина аткара албай турган катуу талаптарды коюп, абал мындан да оорлоп кетип, курчубайбы?

— Менимче, Орусия сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылат. Ошого ал Украинанын негизги шаарларын дароо басып албай, бир аз күтүп жатат. Бирок, Орусия өзүнүн саясий максатына жетиши үчүн Зеленский президенттик кызматтан чегиниши керек болот деп ойлойм. Зеленскийдин кызматтан кетпей коюшу бир топ кыйынчылыктарды жаратып калышы мүмкүн. Зеленский кызматтан кетсе, жаңы президент келип, өлкөнүн нейтралдуу статусун камсыз кылуусу керек болот.

— Кечээ жакында Украина президенти Зеленский өзүнүн Кыргызстандагы элчисин чакыртып алды. Украина Кыргызстанды агрессорду колдоду деп күнөөлөп жатат. Бул эки өлкөнүн ортосундагы саясий абалдын начарлашына алып келбейби?

— Атамбаев учурунда Кыргызстанды ЕврАзЭСке киргизип салган. Ошондон тартып, биздин геосаясий багытыбыз ЕврАзЭС менен байланыштуу болуп калган. Биз бул уюмга кирген ар бир мамлекеттин саясатына тилектеш позицияда болушубуз шарт. Бирок, айрым учурларда, мисалы, эгерде мындай өтүнүчтөр Кыргызстандын коопсуздугуна шек келтирсе, биз союздаш өлкөнү колдоодон баш тартып койсок болот. Ошондуктан, биз өзүбүздүн позициябызды так билдирип турушубуз абзел.

— Бизге кайсы тараптын жеңиши ынгайлуу?

— Бизге бул конфликт украин жана орус элинин кызыкчылыгында жана жоготууларсыз чечилиши жакшы болмок. Согуш эки бир тууган элди бири-бирине каршы кылбаш керек. Албетте, Украинанын нейтралдуу мамлекет болуп, анын территориясынын бүтүндүгүнүн сакталышы да өтө маанилүү.

Кылыч Кудайбергенов.

Булак: "Жаңы ордо".

Последние новости