www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австриянын техникалык университетинин Геодезия институтунун изилдөөчүлөрү Европа катастрофалык кургакчылыктын босогосунда турганын айтышты. Алардын айтымында, жер астындагы суунун запасы түгөнүп баратат.

Маалым болгондой, 2018-2019-жылдардагы нормадан ашыкча ысык суулардын деңгээлинин кескин төмөндөшүнө себеп болгон.

Көрсө, потенциалдуу катастрофалык кургакчылык азыртадан эле жаратылышка, айыл чарбасына терс таасирин тийгизип, Европада энергия тартыштыгын жаратып жатат.

«Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн суу жаныбарлары жашоо чөйрөсүн жоготту же жок болуп кетти, ошондой эле көптөгөн токой жана чөп өрттөрү, кургак жерлер айыл чарбага көптөгөн көйгөйлөрдү, ошондой эле суу ташкындарын алып келди. Натыйжада Европада энергетикалык тартыштык татаалдашып кетти, анткени суу жетишсиз болсо, аймактагы атомдук станциялар жетиштүү электр энергиясын өндүрө албайт, ГЭСтердин иштеши да кыйынга турат», - дешет окумуштуулар.

Изилдөөдө алар Том жана Джерри аттуу эгиз спутниктерди колдонушкан. Бул приборлор Жердин айланасында бийик тоолуу полярдык орбитада айланат. Алар Европадагы жер астындагы жана жер үстүндөгү суулардын деңгээлинин төмөндөшүн такай каттап турушат.

Последние новости