www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик департаменти жазуу түрүндөгү жарыясында Европага саякат кыла турган атуулдарын террор темасында эскертти.

Америка Кошмо Штаттары Европага саякат кыла турган атуулдарын террор темасында эскертти.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин жазуу түрүндөгү жарыясында, Европа өлкөлөрүнүн террорго каршы күрөшүүсүнө карабастан, ар башка кол салуулар боло ала турганы жөнүндө санааркоосу болгону белгиленди.

Анда, «Франция, Орусия, Швеция жана Англияда болгон жана кабарларда кеңири орун алган кол салуулар, террор уюмдары ДЕАШ, Аль-Каида жана булардын уландыларынан турган топтордун Европанын жалпысында террордук кол салууларды пландай турганын жана бул пландарды ишке ашыра ала турганын көрсөтүүдө»,делди.

Бул эскертүүнүн 2017-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө болоору белгиленген жарыяда, өзгөчө туристтер тез-тез келишкен аймактардын, транспорт багыттарынын, соода борборлорунун жана мамлекеттик ишканалардын ыктымалдуу буталар боло ала турганына шилтеме кылынып, өзгөчө жай айларында бул аймактарга жасала турган сапарларда кылдат болуу керектиги баса белгиленди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости