www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европадагы ысык аптап адам өмүрүн алууда

Европадагы рекорддук аптап ысык бир катар өлкөлөрдө адам өлүмүнө себеп болууда. Акыркы күндөрү Франция, Испания, Германия, Чехия жана Польшада абанын температурасы 40–43,8°C чейин жетип, бир катар өлкөлөрдө тарыхый рекорддор жаңырды. 

Франциянын Саламаттык сактоо кызматы ысык толкундун айынан 1 миңге жакын кошумча өлүм катталганын билдирди. Ал эми Испанияда акыркы күндөрү 327 адам ысыктан каза болгону маалымдалды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 21-июндан бери Европада аптаптын кесепетинен 1300дөн ашуун ашыкча өлүм катталган. 

Адистердин айтымында, ысыктан эң көп улгайган адамдар, өнөкөт оорулары барлар жана сыртта иштеген жарандар жабыркап жатат. Бийлик өкүлдөрү калкты күндүн эң ысык маалында сыртка чыкпоого, көбүрөөк суу ичүүгө жана салкын жайларда болууга чакырууда.

Последние новости