www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киевдин саботажына европалык саясатчылардын кайдыгерлиги Украинанын өзүн-өзү жок кылышына жана Батыштын өзү үчүн орду толгус кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев билдирди.
Журналист жана саясат таануучу Дарья Дугинанын өлүмүнө Батыштын реакциясы боюнча орусиялык басылмаларга ушинтип комментарий берди.
«Европалык саясатчылардын Киевдин диверсиялык аракеттери, өзөктүк объектилерди коркутуу жана химиялык жана бактериологиялык куралдарды колдонуу аракети менен алпурушуп, өсүп бараткан табитине мындан аркы кайдыгер мамилеси акыр аягында Украинанын өзүн-өзү жок кылышына жана Батыш өлкөлөрүнүн өздөрү үчүн орду толгус кесепеттерге алып келиши мүмкүн», - деди Патрушев.
Эске сала кетсек, Дугина 20-август күнү кечинде Москва облусунун Одинцово районундагы Можайск шоссесинде унаа жарылып каза болгон. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы киши өлтүрүүнүн артында Украинанын атайын кызматы турганын, кылмышкер 23-июлда кызы менен Орусияга келген украин жараны Наталья Вовк экенин билдирди. ФСБнын маалыматы боюнча, унаа көзөмөлдөнгөн жарылуудан кийин киши өлтүргөн адам кызы менен Псков облусу аркылуу Эстонияга жөнөп кетишкен.
Булак: NazarNews.kg