www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым аймактарда жаан жаайт. 25-августка карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 25-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда 

түнкүсүн +11...+16

күндүз +24...+29

Талас облусунда

түнкүсүн +6...+11

күндүз +22...+27

Баткен облусунда

түнкүсүн +15...+20

күндүз +27...+32

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +15...+20

күндүз +27...+32

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +9...+14

күндүз +18...+23

Нарын облусунда

түнкүсүн +7...+12

күндүз +19...+24

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14°, күндүз +27...+29° болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14°, күндүз +20...+22° болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости