www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюмунун божомолу боюнча, быйыл Россиянын экономикасы өскөн санаалуу өлкөлөрдүн бири болсо, ал эми Европада жагдай көңүл чөгөргөн оор абалда.
Франциянын экономикасы кыйроо алдында эң оор учурду баштан кечирип жатса, Европадагы лидер өлкө Германиянын экономикасы биримдиктеги эң чабал катары сыпатталды. Мунун баары Россияга салынган санкциялардын Европанын өзүнө тийгизген терс таасиринин натыйжасы экенин эксперттер айтышууда. Ал эми Россия болсо санкциялардан тескерисинче кубаттанып, уктап калган экономикасы бир силкинип оор уйкудан ойгонуп, жаңы дем менен секирик жасаган.
Россиянын Мамлекеттик статистикалык федералдык кызматынын маалыматы боюнча, август айында өндүрүш 5,4 пайызга өскөн. Ал эми РФ Борбордук банкы маалымдагандай, жылдын экинчи чейрегинде өндүрүштүк кубаттуулук 81 пайызга жеткен. Бул – тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч. Биринчи чейректе 80,3 пайызды түзгөн. Бул жагынан кен казуу ишканалары алдыда, тагыраагы, 82,6 пайызды, ал эми кайра иштетүү тармагында бул көрсөткүч – 75,6 жана курулушта – 77,7 пайызга чыккан.
Заводдор "багытты ички суроо талапка буруу, импортту алмаштыруу программасын активдештирүү шартында" өндүрүштү заманбапташтырып, товар айлантуу улам жогорулап барат. Албетте, инвестициялык активдүүлүк күчөйт. Рекордду Егор Гайдар атындагы Экономикалык саясат институту (ИЭП) да каттаган. Жылдын алгачкы эки чейрегинин жыйынтыгы боюнча өндүрүш — 76,7 пайызга чыккан, ал эми былтыр бул 76,5 пайызды түзгөн. Кагаз жана кагаз буюмдарынын өндүрүшү — 83,6, текстиль жана кийим тигүү — 81,5 пайызды түзүп, алдыңкы сапка чыккан.
Импорттун орду активдүү түрдө жергиликтүү ишканалар менен алмаштырылууда. Жылдын биринчи жарымында компьютер, электрондук жана оптикалык буюмдарды чыгаруу 71,6 пайызга, автотранспорттук каражаттар, чиркегич жана жарым чиркегичтердин өндүрүшү — 51,7, даяр металл буюмдары — 45,8, эмерек — 34,3, электр жабдууларын чыгаруу — 32,1, кийим-кече — 44 пайызга чыккан.
Батыш маркаларынын Россия аймагынан кетиши бул державанын жеңил өнөр жайына чоң түрткү берди. Тазалоочу каражаттар жана косметика, кийим-кече, жаныбарлар үчүн азык чыгаруучулар да өз көрсөткүчтөрүн бир топ жогорулатты. Логистика, жүк ташуу тармагы да өнүгүүдө. Экинчи катардагы санкциялардан чочулаган чет өлкөлүк мунай сатуучулар россиялык кара алтынды ташуудан баш тартканы РФтин кеме транспорттук ишканаларынын буюртмалары өскөнү байкалган.
Ал эми Европада кырдаал таптакыр башка. Улуу Британияда ишкердик активдүүлүктүн көрсөткүчү (PMI) сентябрда 46,8 пайызга (августта — 48,6) төмөндөгөн. Бул – эки жарым жылдан берки минимум. Тейлөө тармагы да чабалдап, өндүрүш кыскарды. Экономикалык активдүүлүк төмөндөп жатканын белгиледи S&P Global эл аралык рейтинг агенттиги. Бир квартал ичинде ички дүң өндүрүм 0,4 пайызга түшүп, бул менен токтоп калган жок.
Германияда Мюнхен университетинин Экономикалык изилдөөлөр институтунун отчётуна ылайык, бул көрсөткүч апрель айынан бери улам төмөндөп келет.
Курулуш тармагындагы абал – 2009-жылдын январынан берки минимум. Компаниялар ишкердик кырдаал начарлап кеткенин моюнга алышат. Көпчүлүгүнүн маанайы да чөгүңкү.
Германия экономикасы да рецессияда. Ички дүң өндүрүм жылдын биринчи чейрегинде былтыркы жылдын соңку чейрегине салыштырмалуу 0,3 пайызга азайган. Үчүнчү кварталда деле абал жакшырып кетери күмөн, себеби өнөр жай жаатында өсүш жок, ал эми жеке керектөө көп нерсеге таасир эте албайт деп айтылат Бундесбанктын сентябрь айындагы экономикалык отчётунда.
Британиянын The Telegraph басылмасы Германия Европа биримдигинин эң чабал экономикасына айланганын белгилейт. Бүтүндө еврозонанын көрсөткүчү — 43,4тү түзөт. Ал эми өндүрүштүн төмөндөшүнө энергетикалык ресурстардын кымбатташы, араанын ачкан инфляция жана Европа Борбордук банкынын пайыздын чендери себеп. Франция экономикалык кыйроону оозанып, буга европалык бийликти айыптады.
Булак: NazarNews.kg