www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинага келген Германия, Франция жана Италиянын лидерлери президент Владимир Зеленский менен жабык эшик артында сүйлөшүп, Орусия менен диалогду баштоого үндөшү мүмкүн. Германиянын Die Welt гезитинин божомолу тууралуу РИА Новости жазды.

"Олаф Шольц, Эммануэль Макрон жана Марио Драги Украинага Евросоюзга талапкер макамын берүү идеясын колдошкон. Ошол эле учурда алар Зеленскийге Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө барышың керек деп талап коюшу мүмкүн", — деп жазылат макалада.

Автордун пикиринде, буга европалык мамлекеттердин кризиске батып, кымбатчылык күч алып бара жатканы себеп болууда.

"Батыш Европа лидерлери Киевге жеке пландары менен келишкен. Мисалы, Макронго Украинанын бүтүндүгүнө караганда экономикалык кризистин бүтүшү маанилүү. Ал бул позициясын бекемдеп койгусу келди. Италияга деле ушул нерсе керек. Анткени ал жакта экономикалык абал начарлап бара жатат. Бул нерсе өлкөдөгү туруктуулукка көлөкөсүн түшүрмөкчү", — деп жазылат Die Welt гезитинин макаласында.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Николай Патрушев буга чейин АКШ, Улуу Британия жана НАТОнун башка өлкөлөрүнүн Киевди курал менен кубаттап, нацисттик маанайга үндөгөн деструктивдүү аракеттери орус-украин диалогунун токтошуна алып келгенин айткан. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков өз кезегинде тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үзгүлтүккө учурашы үчүн бардык жоопкерчилик Батышта экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости