www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын айрым аймактарында кумшекерди бир адамга бир килограммдан ашык сатууга чектөө киргизилүүдө.

Казакстанда кумшекердин баасы соода түйүндөрү менен социалдык–азык-түлүк корпорацияларынын ортосунда түзүлгөн атайын келишимдин жардамы менен көзөмөлдөнөт. Жергиликтүү акимчиликтер менен тиешелүү келишимдерди түзбөгөн ретейлерлерде бааларды көтөрүү укугу жок болот жана кумшекер биринчи кезекте ошолордо тез түгөнөт.

Июндун башында Казакстандын соода жана интеграция министринин орун басары Бахыт Султанов өлкөдө кумшекер тартыштыгы бар экенин мойнуна алып, бул Орусиянын кантты чет өлкөлөргө чыгарууга тыюу салганына байланыштуу экенин билдирген.

"Өлкөнүн батыш аймактарындагы кумшекер тартыштыгы Орусиянын кантты сыртка чыгарууга тыюу салганына байланыштуу болууда. Евразия экономикалык комиссиясынын 15-апрелде кабыл алынган чечиминин алкагында Казакстанга 31-августка чейин 350 миң тонна ак жана камыш кантын бажы төлөмүсүз алуу укугу берилген", — деген Султанов.

Кийинчерээк министрликтин Соода комитети Казакстанда кумшекер тартыштыгы жок экенин, өлкөдөгү үч кант заводу болгон кубаттуулукта иштеп жатканын белгилеген.

10-июнда Казакстанда кондитердик азыктарды өндүргөн "Лотте Рахат" ишканасы кумшекер тартыштыгынан улам Чымкент шаарындагы фабрикасынын ишин толук токтотууга аргасыз болгонун билдирген.

"Лотте Рахат" фабрикалар башкармалыгынын төрагасы Константин Федорец кумшекер тартыштыгы Орусия жайдын аягына чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнө кантты чыгарууга тыюу салганына байланыштуу экенин айткан. Мындан улам алар курамында кумшекер көп азыктарды чыгаруудан убактылуу баш тартышкан.

"Азыр жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөгү бардык жеткиликтүү кантты сатып алып жатабыз. Бирок ал Казакстандагы бардык керектөөлөрдүн 30% гана жабат. Кумшекерди ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн импорттоодо акциз талап кылынат жана канттын ар бир тоннасы 35% кымбат болуп калат. Азыр Казакстандагы заводдордон кумшекер сатып алуудан тышкары талап кылынган 20 миң тонна канттын 1 600 тоннасын квотанын негизинде Бельгиядан бажы төлөмүсүз алып жатабыз", – деген Федорец.

23-майда Казакстан жарым жылга чейин өлкөдөн ак жана камыш кантын алып чыгууга тыюу салган.

Казак басылмалары тартыштык Орусиядан келген кумшекерге көз каранды болгон аймактарда байкалып жатканын кабарлап жатышат. Батыш Казакстан облусунун административдик борбору Орол шаарындагы соода түйүндөр бир адамга 2 килограммдан ашык кумшекер сатууга тыюу салышты. Маалыматка караганда, Актау шаарында да кант тартыштыгы байкалууда. Айрым аймактарда соода түйүндөрү кумшекер тартыштыгын темир жол аркылуу жеткирүүдөгү көйгөйлөр менен түшүндүрүп жатышат.

Ал ортодо Казакстандын Айыл чарба министрлиги учурда өлкө боюнча темир жол аркылуу 152 вагон кумшекер ташып жатканын билдирди.

Украинадагы согушка байланыштуу Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин Орусия азык-түлүктүн бир нече түрүнүн, анын ичинде кумшекердин экспортун чектеген. Мындан улам март айында Казакстандын бир катар аймактарында кумшекер баасы кыйла жогорулаганы байкалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости