www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кенжебек Арыкбаев: «Алтындын кусуру жаман...»

АЛТЫНДЫН КУСУРУ ЖАМА-АН...!!!

Биз Кумтөрдү өзүбүзгө алдык деп кубанып атабыз. Ал кубанычыбыз 4-июлда расмий күчүнө киргени турат. (учурда Эсеп палатасы аркы-беркисин эсептеп атат…) Макул. Бирок, аны менен кошо канадалык кен казуучулар 400 гектарга жакын аянтта 60 миллиондон ашык көмүп кеткен уу-заттар дагы биздин «менчик» болот. Алардын 30 миллион тоннадан ашыгы өтө эле коркунучтуу уулуу зат делген цианид, дагы бир канча тоннасы радиоактивдүү заттар.

Бул көрсөткүч мындан 8-9 жыл жыл мурун эле айтылган. Эми андан да көбөйсө керек. (Так ошол жылдары «Геоприбор» илимий борборунун андагы жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты Исабек Торгоев: «эгер канадалыктар 2009-жылдагы макулдашуу боюнча иштеп калышса уулуу заттардын калдыктары 202 миллион тоннага чейин жыйналат» дегени бар. Алар болсо ошол «келишимдин негизинде» акырына чейин иштеп келишти.) Ага кошулуп калдайган беш мөңгүбүздөн айрылдык. Түз айтканда мүрөктөй болгон сууларыбыздан!

Так ушу суу маселеси боюнча дүйнөдө эмне деген гана коңгуроолор кагылып жатат. Мындан тээ 10 жыл мурун эле Шейцарияда өткөн экономикалык форумда үрөй учурган мындай фактылар айтылган: “2025-жылы жер планетасындагы жалпы адамзаттын 50 пайызы суу көйгөйүнө тушукса, 2050-жылы 75 пайызы таза суунун таңсыздыгына кириптер болушат” деп.

Эми минтип тигилер бардык экологиялык жана каржылык доодон кургак чыгып кетишти. «Андай болбойт, эколгогияны бузган!» деп ардуу уулдарыбыз сотко кайрылып, райсот алардын арызын канаатандырса, экинчи инстанция болгон Бишкек шаардык Фемидасы биринчи инстанциянын чечимин четке кагып, канадалыктарга илинген 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом айыпты жокко чыгарып «Кумтор Голд Компани» экологиялык мыйзам бузган эмес» таризиндеги «өкүмүн» чыгарып салды. Ошентип, канадалык кен казгычтар таптаза болуп чыга келишти...Буга жамы журттун баары күбө болду.

Далай ириет какшап айтылган. Дагы да айтып кетели. Канадалыктар көмгөн ошол миңдеген тонна уу калдыктардын көрүстөнү Нарын дарыясынын башаты болгон борпоң жерге көмүлгөнүндө. Ал эми ал «көрүстөн» (хвостохранилища) жыл сайын эрип, жылып бара жатат... Мына, өткөндө эле катуу жааган жаан-чачындан улам Кумтөр кенинде «Борбордук» карьердин чыгыш жана түндүк чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышы тездегени белгилүү болду. Аны, урматуу Т.Бөлтүрүк «Мындай жылыштар болот. Бул эми табигый көрүнүш» деди, кебелбестен. Өткөндө президент да «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде «Мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Теңиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз. Кайсы күнү эмне болуп кетерин бир Кудай өзү билет, ушуну унутпагыла» деп айтты...

Кудай анын жүзүн ары кылсын, непадам ал заттар тосмону бузуп кетсе канадалыктар «катып» кеткен ири көлөмдөгү ошол уу заттар Нарын дарыясына кошулчу өзөндөргө барып куйаары турган иш. Бул деген накта катастрофа!

Себеби, андай кырдаал Японияда болгон Фукисимо трагедиясынан кем калбаган алааматтын эле бир түгөйү дегендик. Анан да ал уулуу зат калдыктары бир эле Нарын дарыясынын боюндагы жашаган калк эмес, бүтүндөй Сыр-Дарыянын боюнда жашаган элдер үчүн да опурталдуу. Анын жээгинде болсо казактар менен өзбектер отурукташкан. Ылайым болбосун, андай коркунучтун залалы канчалык оор болоорун айтууга ооз эмес, дит барбайт! (Бирок, ал коркунуч Дамокулдун кылычындай болуп салаңдап турат чокубузда...)

Эми... Эми, мындан ары орду толгус кыйроого учураган жаратылыштын азабын кыргыз эли эми кылымдар бою тартат. Ал жердеги миң жылдап пайда болгон табиятыбызды эч ким калыбына келтире албайт. Бийликтегилер деле келет, кетет. Бирок, түбөлүк калчу биз жашап жаткан чөйрөнүн абалы эми эмне болот? Анын чыныгы жазасын ким тартат? Же жанагы аттарын эч ким даап айта албаган, а бирок жыл сайын далайлаган «жашылбайларды» калпып аткан акциялары бар делгендерби? Акаевби же башкаларыбы? Же, ушул «менчикктештирүүнүн» финалдык аккорддун ойлоп табышкан Т.Бөлтүрүк, А.Жапаров сыяктууларбы?

Кыскасы... биз Кумтөрдү менчигибизге алдык деп «урээлегенибиз» менен, алар болсо (буйтактатпай айтканда) бардык жоопкерчиликтен почти бошонуп чыгып кетишти. Ошондой эле болду да? Андай болгону, өткөндөгү Бишкек шаардык сотунун «алар таптаза» таризиндеги ошолордун пайдасына чыгарган чечиминен эле байкалбадыбы. Андан да таң калыштуусу, Кумтөрдү менчикке алуу боюнча А.Жапаров баштаган, Т.Бөлтүрүк коштогон комиссия эмне деген келишимге кол койгондорун эл эмес, эл шайлаган ЖКдагы эл өкүлдөрү да билбейт... Желмогуздун жети кулпу менен бекитилген сандыгындай болгон деги ал эмне деген келишим?!

А, учурда, «Кумтор Голд Компани» тойус, «Улуу Көчмөндөр Мурасы» холдингдинин башчысы (коюп алган аты шумдук) келишим күчүнө кирээрине саналуу убакыттар калган сайын алтындын күчүнө салып ар кимге «меценанттык» кылуу менен коомчулуктун башын айлантып атат... Концертке чейин билет алып берип...

P/S. Деген экен... Ф.Энгельс: «Адамзат табиятты жеңет. Бирок, качандыр бир кезде ал үчүн табият адамзаттан аесуз өчүн алат». Ал эми алтындын кусуру болсо андан да жаман!

Кенжебек Арыкбаев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости