www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebookтун киберкоопсуздук бөлүмүнүн башчысы Натаниэль Глейхер социалдык тармак Украинанын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарына өз платформасында жарнама жана акча табууга тыюу салганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Натаниэль Глейхердин айтымында, Facebook "Украинадагы кырдаалга кылдат көз салып турат".

"Биз азыр Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарына биздин платформабызда дүйнөнүн каалаган жеринде жарнамалоого жана акча табууга тыюу салабыз", - деп жазды ал.

Натаниэль Глейхер кошумчалагандай, социалдык тармак орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттарын белгилөөнү улантууда.

Эске салсак, 24-февралга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасска орус аскерлери киргизилгенин жана аскердик атайын операция башталганын расмий жарыялады. 21-февралда Москвада Орусиянын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйыны болуп, анда КХДР менен ЛХРдин көз карандысыздыгын таануу маселеси талкууланган. Жарлыкка Владимир Путин кол койду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости