www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Илим-Нур” окуу-тарбиялык комплексинин мүдүрү менен маек.
-- Мугалимдерди мазактагандарды жазага тартуу сунушталды. Педагог катары бул сунушка кандай көз караштасыз?
-- Педагог жана юрист катары төмөнкүдөй пикиримди жолдогум келет. Биринчиден, Конституция боюнча адамдын ар-намысы жана кадыр-баркы корголушу керек. Адам кандай болбосун, эч кимдин аны мазактоого укугу жок. Экинчиден, азыркы күндө ата-эне жана окуучулар тарабынан мугалимди мазактоо учурлары көп болуп жатат.
Анткени мугалимдерди мектеп өзү дагы коргогусу келбейт. Өзгөчө мындай учурлар жеке мектептерде көп кездешет. Себеби, ата-энелер жана окуучулар мектепке төлөгөн акчасына таянып, өздөрүн мугалимдерге жогоркудай мамилени кылганын туура деп эсептешет.
Мугалимдин аброюн мектеп биринчи орунга коюшу керек. Тилекке каршы, мектеп жетекчилери бул милдетти так аткара албай жатышат. Жазага тартуу сунушу ыңгайлуу жана керектүү учурда уюштурулду жана мен бул сунушка кошулам.
Булак: Азия News гезити