www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. "Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Орусия жана Украина элдери менен эзелтен берки достук мамилени эске алып, тараптар чыр-чатакты тез арада сүйлөшүү жолу менен чечет деп үмүттөнөбүз", — деп айтылат билдирүүдө.
ТИМ тынчтык жана туруктуулукка жетүү үчүн тараптардын сүйлөшүүсүнө багытталган бардык демилге, сунуштар кабыл алынаарын белгилеген. Министрлик тараптарды жайкын элдин, чет элдиктердин коопсуздугуна кам көрүп, аларга чыр-чатак болуп жаткан зонадан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган.
Эскерте кетсек, Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция баштай турганын 24-февралдын таңында жарыялаган. РФ президенти Владимир Путин элине кайрылуу жасап, түзүлгөн жагдай токтоосуз аракеттерди көрүүгө Москваны аргасыз кылганын белгилеген. Анын айтымында, кан төгүүнүн жоопкерчилиги Киев режиминин абийиринде болот. Орус президенти украин аскерлерине да кайрылып, куралын таштап үй-үйлөрүнө тарап кетүүну сунуштаган.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Орусиянын Куралдуу күчтөрү соккуларды Украинанын курал-жарак, ок-дары сакталган кампаларына, аэродромдоруна узатып жатат.
25-февраль күнү кечке маал Украина президенти Владимир Зеленский РФ президентине сүйлөшүү сунуштап кайрылган. Путин да Кытай лидери Си Цзиньпин менен телефон аркылуу байланышып, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg