www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook Трамптын маегин алып салды

Facebook социалдык тармагы АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын келини Лара Трампка берген маегин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Лара Трамп АКШнын экс-президенти менен интернеттеги шоусу үчүн маектешип, аны өзүнүн социалдык медиа баракчасына жарыялаган. Андан кийин видео жок кылынган.

Журналисттин айтымында, социалдык тармактын өкүлдөрү ал жерде кандайдыр бир саясатчынын билдирүүлөрүн жарыялоого жол берүүнү көздөбөй тургандыктарын баса белгилешти. Ошондой эле эгер мындай иш-аракеттер кайталанса, анын баракчасынын мүмкүнчүлүктөрүн чектей тургандыктары эскертилген.

Маекте Трамп 2024-жылы президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу моюнга алган.

Ак Үйдүн башчылыгынын акыркы аптасында Трамп президенттик шайлоонун жыйынтыгын жана демократ Джо Байдендин жеңишин тааныбайм деп жарыялаган, анын командасы сотко кайрылган, бирок сот процесстери уттурулган.

Булак: NazarNews.kg

 


 

Последние новости