www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Казакбаев КМШнын отурумуна катышат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2-апрелде Москвадагы КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

ТИМден кабарлашкандай, тышкы саясий ведомстволордун башчылары эл аралык күн тартибинин жана шериктештиктин алкагындагы кызматташуунун, КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоону пландоодо.

Бир катар документтерди, анын ичинде КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумуна киргизиле турган документтер каралат.

Мындан тышкары, тышкы иштер министрлери 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташуу стратегиясын, 2021-2030-жылдарга карата эл аралык жаштар кызматташуусунун стратегиясын, 2021-2030-жылдарга карата туризм жаатындагы кызматташуу стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын бекитишет.

Ошондой эле, тараптардын кызыкчылыктарын камтыган маселелерди талкуулоо максатында министр Руслан Казакбаевдин КМШнын бир катар кесиптештери менен жолугушуулары пландаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости