www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунда социалдык тармактарда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул туурасында Ош облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы А. А. социалдык тармактарда атайын даярдалган фейк-аккаунттарды иштетип жүргөн. Ал баракчалар аркылуу Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдарга тийиштүү аудио жана видеороликтерди пропагандалап жана жайылтып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча топтолгон материалдар Ноокат РИИБдин маалыматтык журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Ноокат райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости