www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Конституциянын долбоору депутаттар тарабынан жактырылды. Белгилүү саясатчы катары Баш мыйзам тууралуу кандай пикириңиз бар?

- Январда эл президенттик форманы кабыл алып берди. Эми каалайбызбы-каалабайбызбы, Башмыйзам президенттик форма менен болот. Албетте, тексти менен таанышып, өзүм дагы көп сунуштарды бердим. Бул долбоорго курултай ж.б маселелер боюнча көп сунуштарды киргиздим.

- Президенттин бийлигин күчтөндүрүүгө басым жасалгандай го?...

- Бизде бир эле кожоюн болушу керек. Мурунку Конституцияда эки кожоюн болуп жатат. Президент жана өкмөт менен парламент. Бирок кожоюн диктатор болбош керек. Мамлекет эмес үй-бүлөдө да бир кожоюн керек. «Бир кожоюн болуш керек, бирок диктатор эмес» деген принцип менен Конституция кабыл алынышы зарыл. Эл арасында президент же биринчи адам кандай болсо, башкасы ошондой кетет деген кеп бар. Садыр Жапаров «көп жоопкерчиликти мойнума алам. Эл үчүн иштеп берем» деди. Ишениш керек. Баарын мезгил таразалайт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости