www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар өздөрү жазган мыйзамдарды көзөмөлдөбөйт. Мындай пикирди легендарлуу парламенттин депутаты, экс-министр, академик Жамин Акималиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--“Биздин эл президенттик башкарууну тандап алышты. Азыр депутаттар ортодо арсар болуп турушат. Катуу айталы дешет болбойт, жагалданайын дешет анда дагы болбойт.
Ал эми Жогорку Кеңешке шайлоону аныктап туруп, эми мүмкүн болушунча тезирээк өткөрүү зарыл. Себеби, бул маселени созуп койсок көйгөй жаралышы мүмкүн. Элдин учурдагы депутаттарга ишеними жоголду. Эгер партиялык болсо багыядай эле акчага добушту сатып алашат. Кайра эле катачылык кайталанат.
Кошумчалай кетейин, бүгүнкү күндө отурган депутаттардын чыгарган мыйзамдарынын сапаты абдан ачар. Негизи ар бир мыйзамды кабыл алганда ортосу 3 ай өтүшү керек. Ошол аралыкта алар талдап, бышырып, кабыл алса болмок. Мени таң калтырганы ар бир жыйында 30 мыйзамды кабыл алышат. Мыйзам оюнчук эмес да, мыйзам деген элдин тагдыры. Тилекке каршы азыр көпчүлүк мыйзамдары иштебейт. Себеби, өздөрү жазган мыйзамдарды көзөмөлдөбөйт экен. Бул мыйзамды сыйлабагандык. Ошондуктан мыйзамдуулук деген сөздүн баркы кетти”, - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg