www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Павлодар шаарында эки дүкөндү тоноого шектелген жаран кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга таянып Sputnik Казакстан жазды.

Шектүү 1-мартта Кенжекол айылындагы «Керемет» дүкөнүнөн акча тоноого аракет жасаган.

Окуянын видеосу социалдык тармактарга чыккан. Кадрда көрүнүп тургандай, эркек адам тапанчага окшогон буюм менен сатуучу аялды коркутуп, тоноого аракет жасайт. Бирок сатуучу эч коркпостон ага каршылык көрсөтөт. Видеого жазылган комментарийлерде окуя Кенжекол айылындагы «Керемет» дүкөнүндө болгону белгиленет.

Шектүү ошол эле күнү буга окшогон дагы бир кылмышты жасаган. Павлодардагы дүкөндөрдүн биринде ал коркутуу жолу менен сатуучудан 120 000 теңгени карактап кеткен.

«Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бир сааттын ичинде кылмыш ишинин бети ачылган», — деген аймактагы полиция департаментинин башчысы Нурлан Масимов.

Ал белгилегендей, аталган кылмыштарга шектелип мурда соттолгон, 22 жаштагы Павлодардын тургуну кармалган. Тонолгон акчалар андан алынган.

Кармалган жаран камакка алынды. Учурда Кылмыш кодексинин 192 «каракчылык» беренеси боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости