www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы депутаттар бийликтин оозун карап отурушат.  

Мындай пикирди легендарлуу парламенттин депутаты, экс-министр, академик Жамин Акималиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Мен чейрек кылым иштеп калдым. Алгач легендарлуу парламентте, эл өкүлдөр жыйынында депутат болдум. Кийин Жогорку Кеңешти көрдүк. Мурдагы легендарлуу парламент менен азыркы депутаттардын айырмасы асман менен жердей. Биздин убакта эл шайлап, баары ачык айкын болчу. Элдин үнүн угуп, коркуп турчубуз. Азыркылар бийликтин оозун карап турушат. Эл менен иштери жок, аларды угуп дагы коюшпайт. Бир жагынан депутаттарды деле күнөөлөгөндүн кереги жок. Партия болуп калгандыктан, партиянын лидерлери тандагандыктан, ошол адам күнөөлү. Андыктан ал мамлекетке, элге иштей турганын алыш керек болчу. Тилекке каршы баары акчалуу адамдар, иштейин деген ойлору жок. Ал эми эл байкуш кыйын партия экен деп эле шайлап жатышат. Өткөндөн кийин депутаттар элди карап дагы коюшпайт. Мен билгенден азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарынан бирөөсү дагы мурдагы депутаттарга келип, кеңеш сурашпайт”, - дейт Акималиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости