www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Генерал-лейтенант, Феликс Кулов, "Атамбаевдин бункерде олтуруп алганы, анын деңгээлин көрсөттү", деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган.
--Феликс Шаршенбаевич, 7-8-август күндөрү Атамбаевдин үйүндө болгон окуяларга профессионал катары баа берсеңиз. Сиз Коопсуздук кызматты башкарып, атайын операция кандай жүрө турганын жакшы билесиз. Кой-Ташта 7-август күнү өткөн УКМКнын атайын операциясынын кайсыл жерлеринде олуттуу катачылыктар кеткен?
--Кылмыш-Жазык Кодексинде мажбурлап алып келүү деп жазылган. Атамбаевди тергөөгө мажбурлап алып келүү чарасы болду. Ошондуктан, алгач тергөөчү мажбурлап алып келүу боюнча токтомун чыгарышы керек. Ишти ИИМ тергеп жаткан болсо, күбөнү мажбурлап алып келүү боюнча тапшырманы ИИМге берет. Тергөөчү чыгарган токтомду органдын адамы күбөгө алып барып таанышуу үчүн көрсөтөт.
Анда дагы барбаса, ошоя жерден эле мажбурлап алып келүү үчүн кармайт. Мыйзам боюнча тартип ушундай болушу шарт. 7-апрелдеги кармоо мага такыр түшүнүксүз болду. ИИМдин тергөө-чусү УКМКнын балдарына Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча тапшырма берет. Мындай дүйнөлүк практикада боло элек. Маалыматжыйында УКМКнын төрагасы Опумбаев "ИИМдин тергөөчусү бизге ушундай тапшырма берди. Биз аткардык" деп айтып жатат. Бул эмне дегендик? Бир дагы рамкага сыйбаган көрүнүш да. Ушул эң чоң катачылык. Интернеттеги видеолордо спезнац дубалдан секирип түшкөнү ачык керүнүп атты. Операцияны мындай жол менен аткарбайт. Алгач жөн эле барып, эшигинин коңгуроосун кагып, ким чыкса тергөөчүнүн токтомун көрсөткөндө, ал жактан баш тартуу болгондон кийин дубалдан секирип түшсө боло берет. Спецназдын тактикасы дагы түшүнүксүз. Биринчиден, олуттуу катачылык, экинчиден, "бездарный операция" деп айтса болот. Башка сөз жок.
-- Атамбаев үйүнө эшиги темир тор менен тосулган бункер жасап, мешокторго кум толтуруп, куралдуу каршылык көрсөткөнгө даярдык көргенүн көрбөдүкпү. Анда ушундай операция боло турганы жөнүндө алдын ала маалымат болгонбу?
-- Бул алдын ала даярдык. Муну да туура эмес деп айтуу керек. Атамбаев мамлекеттин мурунку башчысы. Ал адамда деңгээл болушу керек болчу. Аны кайтарып жүргөн балдар операция башталганда эле коопсуз жакка алып кетишти. Бул туура инструкция. Ачыгын эле айтайын, Атамбаевде күнөө бар. Ада-керчилик, деңгээл мындай учурда чоң роль ойнойт. Атамбаев операция башталганда эле "Балдар токтогула, эч кимди атпагыла, ур-тепкиге албагыла. Мен өз эрким менен барам" деп журт атасы болгон киши катары чыгышы керек болчу. Атамбаевдин бункерде олтуруп алганы, анын деңгээлин көрсөттү. Жумшартып айтканда "несолидно".
--Атайын кызматтын балдарын барымтага алууну, Атамбаевдин тарапташтары "Балдарды коргобосок, чогулган эл өлтүрүп коюшмак" деп түшүндүрдү. Бирок, балдарды бошотобуз, силер милицияны, атайын кызматтын балдарын бул жерден алып кеткиле деп шарт коюу, кылмыш деп саналбайбы?
--Кылмыш-Жазык Кодекси боюнча барымтага алуу жана кармоо деп көрсөтүлөт. Азыр Карамушкина баштаган бир топ адамдарды шектүү катары чакырыл жатпайбы. Алар барымтага алган эмес, кармап турганы үчүн суралууда. Биз балдарды бошотобуз, силер бул жерден милицияны алып кеткиле деп шарт коюу, балдарды кармоого багытталган иш болду. Кармоо элементтери болгон соң, ошол жерде ким болсо жооп берет. Алар балдарды коё берүүгө милдеттүү болчу. Атайын кызматтын балдары 20 саат ошол жерде кармалып турбадыбы. Мында дагы Атамбаевдин күнөөсү бар. Эмне үчүн унчукпай бункерде олтурду. "Бул балдарда күнөө жок, коё бергиле" деп айтышы керек эле. Эгер курал колдонгон операция болгондо, ал балдар тигил жактан оңой эле чыгып кетмек.
--Операцияда подполковник октон өлдү. Атамбаев "Мен аткам ок тийсе керек" деп айтты. Андан кийин башка адамды ушул аткан деп кармашты. Атамбаев мен аттым деп айткан соң, анын атканын далилдөө үчүн кандай текшерүүдөн өткөзүш керек эле?
--Биринчиден, Атамбаевдин сөзүн талдайлы. Ал "Мен аттым" деди. Андан кийин "рикошет менен тийсе керек" деп айтты. Балдардын айтуусу боюнча Атамбаевдин бункери үчүнчи кабатта болгон, подполковникке экинчи кабатта ок тийип жатат. Снайпердин атылган огу рикошет менен тийгенде баардык бронежилетти тешип өтөт. Эгерде бул Атамбаевдин огу болсо, рикошет менен подколновникке тийиши толук мүмкүн. Эми мунун кандай ок экенин экспертиза көрсөтөт. Снайпердин огу болсо, ал жерде жалгыз эле снайпер болгон. Анда Атамбаевдин огу болот. Атамбаевдин сөзүн уксак, ал коркуткусу келгенин айтат. Ал окто рикошет боло турганын билбейтда. Терезени ачып, башка жакка атыш керек болчу. Экинчиден, куралдан ок аткандан кийин колунда порох газынын изи калат. Ал бир жумадай сакталат, андан ашып кетсе изилдөө кыйын. Атамбаев аткан болсо, анын ак көйнөгүндө сөзсүз из калышы керек болчу. Эмне үчүн ушундай изилдөө боло элек? - Атамбаеади кармоо учурунда Курсан Асанов милицияга чыккынчылык кылды деп айыпталып жатат. Кандай учурлар милицияда чыккынчылык катары бааланат?
--Бир тапшырманы берсе, ал кызматтык сырды сактабай, элге жарыялап жиберүү чыккынчылык болот. Асановго тагылып жаткан айып туура же туура эмес экенин тергөө көрсөтөт. Башкы маселе, Кашкар Жунушалиевди кызматтан Атамбаев алган. Демек, Жунушалиевге Атамбаевде ишеним жок. Курсан Асанов КСДПнын депутаты болгон. Атамбэевден генералдык наам алды. Ошондуктан, Асановго ишеним бар. Менин версиям боюнча Асанов дагы атышуу болуп кетпесин деп өзү сүйлөшүүгө чыкты.
--Жунушалиев "Атамбаев менен сүйлөшүүнү жүргүзүп бүтүп калганбыз. Асанов андан кийин эле пайда боло калды" деп айтты. Атамбаев Жунушалиевге ишенбесе, аны менен сүйлөшүү жүргүзбөйт болчу да?
--Жунушалиев ойлонууга 3 мүнөт бердик деп айтты. Асановдун сүйлөшүү жүргүзгөнү жөнүндөгү видеону көрдүк да. Анда 3 мүнөттөн ашык убакыт өттү да. Эмне үчүн кармоо болгон жок? Ал тургай телефон чалуу болуп "3 мүнөт өттү, биз кармоону баштайбыз" деп айтылбады. Асанов менен Атамбаевдин сүйлөшүүсү 3-кабатта болду. Ылдыйда Кашкар Жунушалиев күтүп турат. Атамбаевдин "Кашкар сен дагы келдиңби?" деп айтканы видеодо турат. Дагы бир учур, Курсан куралдарды санап жатканын көрдүк. Ал мезгилде Жунушалиев кайда кетти? Бул дагы белгисиз. Министр "Курсан азама-сың. Тапшырманы аткардың. Алмазбек Шаршенович сиз кармалдыңыз, протокол түзөбүз"деп айтышы керек.
--Азыр ошол учурдагы пакет жөнүндө көп версиялар айтылып жатат. Асановдун ошол пакеттин ичинде эмне бар экенин далил буюм катары ошол жерде видеого тарттырбай калганы катачылыкпы?
--Ошол учур видеого тартылдыбы, пакеттин ичинде эмне бар экендиги да көрсөтөлүшү керек эле. Бул кемчилик, чыккынчылык эмес, деген Феликс Кулов "Жаңы Ордо" гезитине берген маегинде.
Булак: NazarNews.kg