www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Facebook баракчасына Феликс Кулов бир пост жазыптыр. Адаттагыдай, кайран киши, өзү каалаган темасына пост жазгандан тартынып, «мне один полковник сказал» демиш болуп, башка бирөөнүн эле сөзүн кайталагансып, Тилекмат Куреновду «бийлик туура эмес камады» таризде болушуптур. «Милицияныкы туура эмес» деп. Анын постунун астында Кубатбек Байболов байкебиз Бакиев учурундагы 2006-жылдан кызыктуу эскерүүсү менен бөлүшкөнү кызык. Ал кезде Кулов премьер, Мадумаров мамкатчы болуп, Бакиевдин жанында реформа, оппозицияларга каршы бир болушкан.
Бирок бир жылдан кииин бийликтен түшүп калып, Феликс Кулов өзү 2007-жылдын апрелинде «Бириккен фронт түзүп, ал дагы мобу Тилекматтай убагында «баланча күнү бийлик кетет» деп жарыялап, эч кандай майнап чыгара алган эмес. Бир канчаларды ошондо эки-үч жумага камаган бийлик Куловду тим койгон. Аягында бир «Джип» машине тартуулашып, чакан ГЭС боюнча офис ачып беришкени эсибизде. Ошондо Феликс байкебиз кызмат үчүн саясий тилектештерин сатып кеткени, ага элдин кызыкчылыгы эмес, өзүнүн жылуу орду керек экенин көрсөткөн да...
Булак: Азия News гезити