www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргызстанга Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино биринчи ирет келет. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Инфантинонун Кыргызстанга сапары 4-5-майга белгиленип, анын алкагында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугат.

ФИФАнын жетекчиси Жанни Инфантино менен президент Садыр Жапаров Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда.

Белгилей кетсек, кеңсенин курулушу FIFA Forward программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Мындан сырткары, жолугушуулардын жүрүшүндө ФИФАнын Кыргыз футболдук союзунун демилгелерин колдоо, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Кыргызстанга келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости