www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык сот 19-апрелде министрлер кабинетинин кайрылуусун карап, Конституциянын 44-беренесинини 2-бөлүмүндө айтылгандар «өлкөнүн экономикасынын абалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө тике көз каранды болбой коюушу мүмкүн эмес» деген чечим чыгарды. Ал бөлүмдө болсо: «Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат», – деп жазылган.

Ошол эле берененин биринчи бөлүмүндө болсо: «Кыргыз Республикасында... социалдык камсыз кылуу кепилденет», – деп жазылган, бирок өкмөт ал берененин экинчи бөлүгүү боюнча гана кайрылган. Консот болсо ал кепилдикти «кепилдик» эмес, «максаттуу багыт катары караш керек» деп чечти.

Андай болгондо, Конституциядагы: «Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт» же Кыргызстан «ички жана тышкы саясатын өз алдынча жүргүзөт», – дегенди дагы максат катары гана түшүнүш керекпи? Эгерде Конституциялык соттун судьяларынын же өкмөт мүчөлөрүнүн пенсиясы жашоо минимумунан төмөн болуп калса, алар азыр кандай чечим кабыл алаар эле?

Последние новости