www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эстрада ырчысы Филипп Киркоров 23-августта Казань шаарында өткөн «Жаңы толкун» фестивалындагы концерт учурунда «Мисс Россия — 2024» сынагынын жеңүүчүсү, 20 жаштагы Валентина Алексеевага сүйүүсүн ачык жарыялады.

59 жаштагы ырчы «Луиза» аттуу ырын аткаргандан кийин Валентинаны сахнага чакырып, аны жаңы чыгармасына дем берген музасы жана жүрөгүнүн ханышасы деп атады.

«Валентина, мен сени сүйөм!» — деди Киркоров сахнадан.

Буга чейин ырчы жаш модельге болжол менен 3 миллион рублга бааланган, бриллианттар менен кооздолгон Rolex саатын белек кылганы айтылган.

Концерттен кийин Киркоров менен Алексеева журналисттердин алдына чогуу чыгып, сүрөткө түшүшкөн. Ырчы Валентинаны «өзүнүн жалгыз ханышасы» деп атаган.

Өз кезегинде Валентина мындай күтүүсүз билдирүүнү күтпөгөнүн айтып, окуяны түш сыяктуу кабыл алганын билдирди.

Белгилей кетсек, Филипп Киркоров менен Валентина Алексееванын жаш айырмасы дээрлик 40 жылды түзөт.

Последние новости