www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлушу мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, өкмөттүн жаңы структурасы иштелип чыгып, айрым бөлүмдөр жоюлат. Мисалы, Финансы полициясынын функциялары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет.
Мындан тышкары, Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын алдындагы «Унаа» ишканасынын милдеттери да ИИМдин карамагына өткөрүлөт.
Премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын 1-февралдагы жыйынында өкмөттүн курамында кыскартуулар болорун айткан.
Ал 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырыларын билдирген.
Булак: NazarNews.kg