www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүк маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда “Курсан Асановдун аялына кылмыш иши козголду” деп менин сүрөтүмдү коюп жатышат. Бул тууралуу Курсан Асановдун мурдагы жубайы, "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылынын төрайымы Жыпаргүл Баргибаева “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Мен жалпы маалымат каражаттарына кайрылам жана талап кылам. Себеби Ички иштер министринин мурдагы жетекчиси, генерал Курсан Асановдун экинчи аялына кылмыш иши козголгон. Бирок, айрым журналисттер менин сүрөтүмдү коюп, маалымат таратып жатышат. Бул  кээбир журналисттердин кара пиар үчүн иштеп жатканынан кабар берет. Мен бул боюнча калтырбайм. Кайсы бир ЖМКнын өкүлдөрү менин сүрөтүмдү колдонсо алып, менден кечирим сурасын. Мен аларды сотко берүүгө аргасызмын. Мен Курсан Асанов менен көп жылдан бери жашабайм. Ал экинчи аялы менен жашайт, ошого кылмыш иши козголуптур. Анын канчачылык чын экендигин сот гана чечет. Мен коомдогу аялдардын маселесин көтөрүп, өзүмдүн коомдук иштерим менен алекмин. "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылынын төрайымы катары кыргыз эли жакшы тааныйт. Мага коомдук уюмдун аймактардагы мүчөлөрү чалып “Сиздин сүрөттү көрдүк, сизге кылмыш иши козголдубу? деп сурап жатышат. Бул туура эмес. Андыктан массалык маалымат каражаттарына кайрылам, маалыматты тактап чыгарсаңар” - дейт Баргибаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости