www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Beeline соода маркасы менен таанылган "Скай Мобайл" компаниясы мамлекетке келтирген зыяндын 112,1 миллион сомун бюджетке кайтарды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматта аталган компания салык төлөөдөн качканы аныкталып, 2019-жылдын ноябрында Жазык кодексинин 232-беренесинин 2-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Мунун алкагында Финпол "Скай Мобайл" ЖЧКсына текшерүү жүргүзүп, натыйжада компания кирешесин жашырып өзгөчө ири суммадагы салык төлөбөй койгонун ачыкка чыгарган.

"Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында тергөөнүн жүрүшүндө аталган компания мамлекеттик бюджетке келтирген 112 миллион 103 миң 243 сомдук зыяндын ордун толтурду", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта Финпол тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана зыяндын ордун толтуруу иштери улантылып жатканы белгиленет.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости