www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 37 жаштагы жумушчусун унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-февраль күнү болжол менен саат 06:30 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Каралаев көчөсүнөн түштүк тарапка бара жаткан жолдо 1983-жылы туулган К.М. аттуу аялды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жаран денесинен жаракат алып, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-берене ("жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспортту эксплуатациялоо эрежелерин бузуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Аталган жарандын жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган, учурда жыйынтыгы чыга элек. Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерден из жашырган айдоочуну аныктоо жана кармоо боюнча издөө иш-чаралары улантылып жаткандыгын билдиришти.
Булак: NazarNews.kg