www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Фискалдык саясат экономикалык өсүштү стимулдаштырууда жана жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүүдө маанилүү ролду ойнойт. Мындай пикирин Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Министрликтин коллегиясында сөз сүйлөгөн мекеменин башчысы дал ушул максатта Салык кодексинин жаңы редакциясы ишке киргендигин, ага ылайык жалпы салык режими жана жөнөкөйлөштүрүлгөн салык тутуму киргизилгендигин белгиледи. Жалпысынан Салык саясатынын алкагында 40 ченемдик укуктук актылар кабыл алынып, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү колдоого жана коргоого багытталды.

Бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн эң маанилүү шарты административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана жөнөкөйлөштүрүү болуп саналат, бул багытта төмөнкү чаралар көрүлдү:

-Ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси бекитилди.
-Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү Жарлыгы менен ишкердикти текшерүүгө 2023-жылдын 1-январынан тартып мораторий жарыяланды. 
-Электрондук лицензия жана уруксааттама берүү платформасы пилоттук түрдө ишке киргизилди.
-Акыркы он жылда электрондук соода жана электрондук бизнес чөйрөсүндөгү активдүүлүктүн тездеши байкалууда.

“Электрондук соода чөйрөсүндө соода инфратүзүмүн жана почта операцияларын өнүктүрүү үчүн Электрондук коммерция паркын куруу боюнча долбоор ишке ашырылууда. Учурда Кыргыз Почтасы менен биргеликте Россиянын «Озон» ири компаниясынын товарларды электрондук түрдө сатуу платформасы жана сорттоочу борбору ишке киргизилди”, - деп кошумчалады министр.
 
Андан тышкары, 2022-жылы өткөрүү жайларынан өтүү ылдамдыгын жогорулатуу максатында «Электрондук өткөрүү пункту» инновациялык долбоору пилоттук режимде ишке киргизилди. Бул долбоорду ишке ашыруу менен унаалардын кыймылынын көлөмү суткасына 672ден 2000 унаага чейин өстү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости