www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фискалдык саясаттын долбоору жактырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгында Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын 2027–2031-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору каралды.

Баяндама менен Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев чыгып, алдыдагы жылдарга карата мамлекеттик бюджеттин кирешелери жана чыгымдарынын негизги параметрлерин тааныштырды.

Ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо маселелери жана мамлекеттик чыгымдардын ар кандай багыттары талкууланды.

Жыйындын соңунда Кеңеш тарабынан 2027–2031-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору бир добуштан жактырылды.

Последние новости