www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооруканалар каралбай калды десек саламаттыкты сактоо министрлиги таарынат, сөздү асмандан алып, оюбузга келгенди жазып жаткандай.

Фармакологияга эле көңүл бурулуп калды. Өлкөдө дары-дармектен көп неме жок. Сапаттуусу деле, сапатсызы деле жайнайт. Баасы асмандын башы. Анын себеби эмнеде? Себеби, саламаттыкты сактоо министринин фармакология тармагында бизнеси бар. Ал эми ооруканалар аны кызыктырбайт.

Айрыкча жер-жерлердеги ооруган адамдарга бооруң ооруйт. Мына анын дагы бир далили. Бул Кочкор-Ата шаарынынын аймактык ооруканасынын психоневрологиялык бөлүмүндөгү кезек күтүү. Мындагы кары-картаң, эмчектеги балдары бар  аялдар доктурдун кабылдоосунда болуу үчүн таңкы саат 04:00төн баштап чогула башташат экен. Анысы аз келгенсип ал жерде отургуч сыкятуу бир дагы ыңгайлуулук каралган эмес.

Чогулган эл ушинтип күндүн суугунда тоң болгон бетон тепкичтин үстүнө отуруп алып, кезегин күтөт экен. Деги быйыл "санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү" жылыбы өзү? Жыты дагы жок го...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости