www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун Минск шаарында 4 күндөн бери өтүп жаткан "А" категориясындагы бокс боюнча эл аралык мелдеште 2 мекендешибиз буга чейинки атаандаштарын жеңип, финалга жолдомо алышты. Бул тууралуу "Ерем" спортклубунун машыктыруучусу Шайлообек Атазов билдирди.

Анын маалыматына караганда, 57 килограммга чейинки салмак ченинде Мунарбек Сейитбек уулу жана 52 килограммга чейинки салмак ченинде "Ерем" спортклубунун өкүлү Азат Усеналиев атаандаштарын жеңип финалга чыгышты.

Белгилей кетсек, 12-16-ноябрь күндөрү Советтер Союзунун Баатыры В.И.Ливенцевдин жаркын элесине арналган XVII эл аралык мелдеш Минск шаарында өтүп жатат. 18 өлкөдөн келген 120 бокс чеберлери турнирдин жеңүүчүсү наамын алуу үчүн күч сынашууда.

Финалда Азат Усеналиев англиялык мушкерге кез келет. Мушкерлерибизге ийгилик каалайбыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости