www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элмира Абжапарова деген кыйын чыкма «айымпааша» жетектеген Кыргыз өкмөтүнүн мүлк министрлигине караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) деген тармагыбыз бар. Негизги максаты үйү жок жүргөн жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу.

Бирок, кантип, кандай негизде, кандай план менен иштеп жатканын эч кимге белгисиз. Ал эми үй алуу максаты менен барган жаштарыбыз нааразычылыгын билдиришүүдө. Кененирээк айта турган болсок, үй алуу үчүн МИКке барган жарандарыбыздан дароо эле, «Үй-бүлөдө канча адам иштейсиңер, канча айлык аласыңар»-деп сурайт экен, алар маянасын айтары менен, «Силердин айлыгыңар ипотека менен үй алганга жетпейт экен»-деген орой жообун берип, жолго салып атканын айтып арызданышууда. Кызык, азыр мамлекеттин ахвалы баарына дайын, бюджеттин көзүн карагандарда чоң маяна жок. Андыктан, башка жолдорун таап, жок дегенде жылуу-жумшак жооп бергенге көнбөйбү? Элге шарт түзбөй, мамлекеттин эсебинен олчойгон айлыкты кемирип отурган мындай компаниянын кимге кереги бар? Бул боюнча кийинки сандарда кеңири сөз кылабыз. Бул тууралуу Де-Факто гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости