www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТОРЕПОРТАЖ - Бишкекте Ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш- чара улуттук кийимдердин парады менен башталып, маданий иш- чаранын расмий бөлүгү «Ала-Тоо» аянтында уланды.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Рысалиев, коомдук маданий ишмерлер, шаар тургундары жана меймандар катышты.

Иш-чараны министр Кайрат Иманалиев ачып, жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирип, куттуктоо жолдоду.

Министр өз сөзүндө, өлкөдө майрамдалып жаткан ак калпак майрамынын мааниси жогору экендигин билдирип, аны аздектеп сактоо, улуулардын жолун улай, мындай иш-чаралар дагы жогорку деңгээлде уюштурула тургандыгын айтты. Салтанатта Ак калпак күнүн майрамдоо демилгесин көтөргөн Рысбек Жабировго Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасын жана белегин тапшырды. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруу жана даярдоо аракеттерин көргөн Элнура Кулуева, Ырыс Окенова жана Аманбол Бабакуловго ыраазычылык айтылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү майрамда улуттук кийимдердин парады «Ала Тоо» кинотеатрынан башталып, «Ала Тоо» аянтына чейин созулду.

Учурда Курманжан Датканын эстелигинин жанында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп жатат. Ага ак калпактардын түрлөрү, улуттук кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган. Жарманке күнү бою өтөт.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Улуттук намыс” уюму, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурду.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 5-март – Ак калпак күнү катары 2016-жылдан тарта белгиленип келет.

Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости