www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов өрт коопсуздугун сактоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган кеңешме Кыргыз Республикасынын аймагындагы өрт чыгуу окуяларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу демилгеленген.

Вице-премьер-министрдин м.а. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тараптан өрт коопсуздугун сактоо чаралары боюнча калкты маалымдоо жаатындагы жүргүзүлүп жаткан ишин сынга алды. 

«Сууктун түшүшү менен тургундар электр техникаларын жана жылуулук берүүчү жабдууларды активдүү колдоно баштайт, аларды туура эмес пайдалануусу айрым учурда кайгылууу кесепеттерге алып келип жатат. Турак-жайларды курууда 65% ашуун учурда өрт коопсуздугу чаралары сакталбай жатат. Буга жол берилбеши керек. Калк арасында турак-жайга каралган имаратта биринчи кезекте коопсуздук маселеси тыкыр каралышы керек экендиги тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү керек. Иш коплекстүү жүрүшү тийиш, «текшерүүчү» органдын образынан чыгып, республиканын ар бир жаранына пайда келтирүүчү органга айланууга мезгил жетти», - деди Максат Мамытканов.

 

Ал белгилегендей, өрттүн келип чыгуусунун негизги себеби болуп, өрт коопсуздугу жаатындагы жетишсиз деңгээлдеги маалымдоо саналат.

«Бардык нускамалар эскирген, аларды эч ким окубайт. Аларды электрондук вариантка өткөрүп, тарткатууда заманбап каражаттарды, анын ичинде уюлдук тиркемелерди пайдалануу зарыл. Адамдар коопсуз үйдү кантип курууну, өрт чыккан кезде өрт кызматы келгенге дейре кандай аракет кылууну билиши керек. Бул видеонускама катары ар бир жаранга жеткиликтүү болушу тийиш», - деп белгиледи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө район жана облустар чегиндеги өрт коопсуздугу чараларын сактоо боюнча алдын алуу чаралары жүргүзүлгөн субьекттердин саны тууралуу маалымат берүүсү тапшырылды, мында өзгөчө көңүлдү аталган ишти жакшыртуу боюнча аналитикалык маалыматка басым жасоо зарыл. Ошондой эле калк арасында таркатуу үчүн өрт коопсуздугу чараларын сактоо тууралуу түшүндүрмө видеороликтерди жана видеонускамаларды даярдоо тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости