www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, кечээ, 20-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Маданият-Жалал-Абад автожолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдиргендей, долбоорго асты 9 см жана үстү 6 см болгон асфальтбетон катмарынан турган экинчи категориядагы 67 кмлик жолду төшөө, ошондой эле 181 түтүктүн жана 9 көпүрөнүн курулушу кирет.

«Келишимге ылайык, курулуш иштери аяктаган соң жол төмөнкү техникалык параметрлерге ээ болмокчу:

— калктуу конуштарда 4 тилке, калктуу конуштардан тышкары 2 тилке;

— жол тилкесинин туурасы — 3,5 — 3,75 м;

— салмагы 11,5 тонна октук басымга эсептелген;

— калктуу конуштарда тротуарларды жасалгалоо, жарыктандыруучу жана дренаждык лотокторду орнотуу;

— аялдамалардын эскисин оңдоп-түзөө, жаңыларын орнотуу;

— жаңы бак-дарактарды отургузуу.

2020-жылдын ичинде казуу иштерин 78%га бүтүрүү, 15 км узундукта асфальтбетон төшөө жана 1 кмлик жол боюна дренаждык түтүктөрдү орнотуу пландаштырылган. Учурда пландаштырылган иштин бардыгы жүзөгө ашырылды», — деп баса белгиледи Бакыт Бердалиев.

Бул арада Мамытов транспорттук коридорлордун өлкө үчүн өзгөчө мааниси бар экендигин, Кыргызстан бийик тоолуу өлкө болгондуктан, 90% га жакын аймагы деңиз деңгээлинен 1500 метрден ашык бийиктикте жайгашкандыктан транспорттук артериялардын басымдуу түрү — автожолдор болуп саналарын белгиледи.

«Стратегиялык трассалар өлкөнүн бардык облустарын бириктирип турат жана бир катар чет мамлекеттердин ортосундагы жол коридорунун бөлүктөрү болуп саналат. Бул Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, миллиондогон адамдардын жашоо-тиричилигине кызмат кылат», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Ал Маданият-Жалал-Абад автожол бөлүгүнүн курулушу Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо долбоорунун бир бөлүгү экенин, өз кезегинде транспорттук коридорлорду өркүндөтүү боюнча Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуунун (БААЭК-3) ири долбоорлорунун бири болуп саналарын белгилеп өттү.

Ошондой эле Талант Мамытов БААЭК-3 долбоорун ишке ашыруу калктын кызмат көрсөтүүлөргө, товарларга жана базарларга жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты бекемдеп жана ошондой эле кыймылдын бардык катышуучулары үчүн коопсуздукту жакшырта турганын, бул өз кезегинде экономикалык өсүштү жогорулатып, аймактык кызматташууну жана интеграцияны активдештире турганын кошумчалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости