www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында бир аптада 30 айдоочу мас абалда унаа башкарган

Ош шаарында өткөн аптада жалпысынан 231 кылмыш катталды. Басымдуу көпчүлүгү уурулук жана алдамчылык. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, катталган кылмыштардын ичинен 177 кылмыштын бети изи сууй электе ачылган. Калган азырынча ачыла элек кылмыштардын үстүнөн ыкчам иш чаралар улантылып жатат.

Апта аралыгында өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Шаар аймагында иштеп жаткан патрулдук милиция кызматы тарабынан 7-декабрдан 20-декабрга чейин жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 347 айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө протоколдор түзүлүп, штрафтар салынды.

Алардын арасында мас абалында машина айдаган 30 айдоочу дагы бар. 49 машина айып короосуна токтотулган. Патрулдук милиция кызматы тарабынан 102 кызматы аркылуу түшкөн 75 дарек текшерилип, жарандарга ыкчам жардамдар көрсөтүлгөн.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости