www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Бириккен улуттар уюмунун Борбор Азиядагы качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын аймактык өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогроку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар качкындардын, башпаанек издеген адамдардын укугун коргоо жана келечекте жарандыгы жок адамдардын санын азайтуу маселелери боюнча өз ара кызматташтыкты арттыруу тууралуу баарлашты.

Кыргызстан качкындарга байланышкан көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурарын айткан Талант Мамытов өлкө өзүнө алган эл аралык милдеттемелерди жигердүү аткарып келе жатканын белгиледи.

Өз кезегинде БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты жигердүү улантууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Муну менен катар тараптар качкындардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында башпаанек издеген адамдардын коопсуздугун камсыздоонун жана укугун коргоонун маанилүүлүгүнө токтолушту. Андан сырткары жолугушууда аталган категориядагы адамдардын Кыргызстандын аймагындагы укуктарынын жана мыйзамдык кызыкчылыктарынын сакталышы үчүн биргелешкен иш-чараларды улантуу мерчемделди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости