www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда Ницца жана Авиньондогу кол салуудан соң террордук коркунучтун жогорку деңгээли жарыяланды. Бул тууралуу француз премьер-министри Жан Кастекс маалымдады.

Өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн полиция жана армия мобилизацияланды. Ал үчүн шаарга 7000ден ашуун аскер кызматкери да тартылат.

Бүгүн, 30-октябрда Франциянын Коргоо боюнча кеңешинин жыйыны өтөт.

Кастекс акыркы окуяларды «Франция коркок, варвардык кол салуу менен бетме-бет келди»-деп сыпаттады.

Эске салсак, 29-октябрда Ниццада бычак менен куралданган адам чиркөөдө адамдарга кол салган. Анын жыйынтыгында үч адам каза болду.

Бул кылмыш теракт катары териштириле баштады жана шаардагы бардык чиркөөлөр жабылды.

Кандуу окуядан соң өлкө президенти Эммануэл Макрон Ниццага келип окуяга толугу менен көзөмөл кылууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости