www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-октябрда Намангандын борборундагы Grand Sherdor мейманканасынын алдында Макронго нааразылык иретинде француз желегин айрып кетишти. Бул тууралуу намангандык активисттердин бири «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, сүрөт тиркеди.

Ошондой эле бир нече сааттан кийин ал айрылган желек тууралуу билдирүүсүн өчүрүп салган.

Бул окуяга байланыштуу Наманган облусунун акимчилиги, Өзбекстандын ички жана тышкы иштер министрликтери чет өлкөнүн символикасын мазактоо учуру жөнүндө эч кандай түшүндүрмө берген жок.

Ал эми Grand Sherdor мейманканасы «желек алмаштырылганын» гана айтып, башка маалымат берген жок.

Туристтик сүрөттөрдөн мейманкананын алдында Өзбекстан, Түштүк Корея, Түркия, АКШ, Улуу Британия, Орусия жана Франциянын желектери илинип турганын көрүүгө болот.

Эске салсак, 16-октябрда Париждин жака-белинде 47 жаштагы тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген.

Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги туралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга Charlie Hebdo журналы жасаган Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости