Владимир Путин: "АКШда президенттикке ким келсе да иштешүүгө даярбыз"
Расмий кабарлар  |   |  1426

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШда президент болуп ким шайланбасын, иштешүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал “Орусия чакырат” аттуу инвестициялык форумда билдирди.

“Биз бул нерселерди абдан токтоо жана кадимки тартипте анализдеп жатабыз. Биз Америка элинин кандай гана чечими болбосун кабыл алабыз жана кайсы гана администрация болбосун иштешебиз. Алар таразалап чечим кабыл алат деп үмүттөнөм”-, деди Владимир Путин.

Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Анда Республикалык партиядан учурдагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями