www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Чүй облусунун Панфилов районундагы «Кайыңды Кант» заводунун иши менен жеринен таанышып, кызматкерлери менен пикир алышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапарда министр «Кайыңды Кант» заводунун кант кызылчасынын кабыл алуу жана заводунун иштөө процесси менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө «Кайыңды Кант» заводунун жетекичиси Александр Шалюта министрден темир жолдун тарифин азайтып берүүнү суранды. Мындан сырткары өткөн жылы кумшекердин баасы арзан болгондуктан, 2020-жылы кант кызылчасынын себүү аянты азайганын билдирди.

Министр Токтогазиев «Кайыңды Кант» заводунун көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө аракет кыларын билдирди. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости