www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Францияда нааразылык акциясынын үчүнчү түнүндө 421 адам кармалганын РИА Новости 30-июнда француздук Le Figaro басылмасынын булактарына таянуу менен билдирди.
Кармалгандардын көбү 14-18 жаштагылар.
Маалымат каражаттарынын айтымында, бул камакка алуу рекорддук деп эсептелет.
Белгилей кетсек, 27-июнда Парижге жакын жайгашкан жерде полиция 17 жаштагы өспүрүмдү өлтүрүп алган.
Полиция кызматкерлери "Мерседес" унаасын айдап бара жаткан өспүрүмдү жол эрежесин бузганы үчүн токтотууга буйрук беришкен.
Жигит алгач унааны токтотуп, бирок кайрадан айдап кеткен. Куралын айдоочунун терезесине такап турган полиция кызматкери ошол маалда кокусунан ок чыгарган. Айдоочу көкүрөгүнө ок тийгенден көп өтпөй каза болгон.
Аталган окуядан көп өтпөй тополоң чыккан. Нааразылык акциясына чыккандар тосмолорду, унааларды, таштанды челектерин өрттөп, фейерверк атышкан. Полиция аларга көздөн жаш агызуучу газ менен жооп берген.
Булак: NazarNews.kg