www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-ноябрда 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 17:15те башталат. Кыргызстандын Футбол федерациясы оюнга билети жок күйөрмандар стадионго келбей эле койсун деп алдын ала өтүндү.


«Стадионго мыйзамсыз жол менен кирүүгө же дубалдан ашып түшүүгө аракет кылбаңыздар. Австралиянын курама командасы менен беттеште болгон катаны кайталабайлы. ФИФАнын Тартип комитети бизге үч-төрт жолу эскертүү берген. Эгер кайра эреже бузулса, Кыргызстандын курама командасы Бишкекте эмес, көрүүчүлөрсүз, чет жерде ойноп калат»,- деп айтылат федерациянын кайрылуусунда.


Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости