www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тагдырдын тамашасынан уламбы, улуу тарыхый доордун күбөсү болдум. Ошондуктан, азыркы  күнү мен көрүп, жүрөгүм менен толгонуп, кайгырып, сезимим менен таразалап өткөзүп жаткан ар бир мүнөт келечекте абдан кызыктуу болот деп ойлойм. Ушунун барын мен күндөлүктүн көмөгү менен урпактарга калтыргым келет. Чынын айтыш керек, мен муну абдан кечигүү менен жасап жатам, бирок “Эч болбосо да, кеч болсун”- дейт.

Менин күндөлүгүмө... Сен эми мындан баштап менин жалгыз, ишенимдүү жана эч кимге сыр ачпаган досум болуп каласың. Кайсы доор, кайсы мезгилге чейин ишенимдүү? Албетте, сен менин колумда турганда менин ишенимдүү досум болорсуң, ал эми башка бирөөнүн колуна тийер менен саткынга айланарсың. Ооба, мунун барын түшүнүп турам, ошого карабай мен сенден эч нерсени жашыргым келбейт. Мен сага саясий ишмердин ой-толгоолорун гана айтпастан, ой-туюмду карапайым адамдын да кайгы-капасын бөлүшкүм келет.

Бир гана өкүнүчтүүсү - сен угасың, арийне мени менен ой бѳлʏшѳ албайсыӊ. Мейли, тагдырдын мындай салганына да чыдоого туура келет, мага болсо дайыма жалгыздыкта, канчалык оор жана татаал болсо да, тагдырдын салганына баш ийип, ѳз алдымча чыйыр табууга туура келет.

Кыргыз элин чочколор башкарып турганын билем, аларга сөз айтып түшүндүрө албайсың. Менин досум! Мен сага айткандарымды эч кимге айтууга акыӊ жок. Мен жарык дʏйнѳдѳ жашап турганда муну сенден катуу талап кылам, ал эми мен жарыкчылык менен кош айткан соӊ, кимге кааласаӊ да, каалашыӊча айта бер. Эмесе, менин жан дʏйнѳмдѳн чыккан ачуу чындыкты, ой-толгоолорумду, болгон жана боло турган окуяларды угуп тур.

Жусуп АБДРАХМАНОВ, Кʏндѳлʏктѳрʏнѳн

MOCKBА. 18.08.1928

Орус тилинен которуп даярдаган:

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости